Милиция өзгөчө оор кылмыш жасаган адамды издеп жатат
Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү өзгөчө оор кылмыш жасаган адамды издеп жатат. Бул тууралуу Талас областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган маалыматка таянсак, 2021-жылдын 1-июлунда эркек кишиге издөө жарыяланган.
“Кара-Буура районунун тургуну, 1971-жылы туулган Биримкулов Бактыбек Настаевич июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган.Азыркы учурда ал жашынып жүрөт.
Биримкуловдун белгилери: бою 165-170 см, дене түзүлүшү орто”,-деп кабарлашты милициядан.
Бул адам тууралуу маалыматты билгендер болсо 03422 5-27-79, 0500 56-76-76 же болбосо 102 номерлерине байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-zgch-oor-kylmysh-zhasagan-adamdy-izdep-zhatat
Добавить комментарий ×