Ошто эркек киши өзүнүн инисин бычактап салды
Поделиться в:
Бүгүн, 21-сентябрда Ош шаарындагы Манас-Ата мунципалдык аймактык башкармалыгында эркек киши өзүнүн инисин бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашканын “Барометр” билдирет.
Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барууда.
“Манас-Ата мунципалдык аймактык башкармалыгында киши өлтүрүү фактысы катталды. Алгачкы маалыматтарга караганда бир туугандардын ортосунда чатак чыгып, улуусу инисин бычак менен өлтүргөн. Окуя бүгүн эртең менен болгон”,-деп кабарлашты милициядан.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-erkek-kishi-znn-inisin-bychaktap-saldy
Добавить комментарий ×