Мэрия 15-сентябрда окуучулар бет кап менен келүүгө тийиш экенин эскертти

10 сентября 2021 12:06 1673 Barometr
Поделиться в:
ok

15-сентябрда баардык мектептердин окуучулары бет кап тагынууга тийиш. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева эфир маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

“Бул адамдар көп топтолгон жер. Мектептер баардык окуучуларды бет кап менен камсыздай албайт. Ата-энелерден сураныч: балдарды бет кап менен камсыздаңыздар”,-деп айтты ал.

Вице-мэрдин кошумчалагандай, сабактардын узактыгы пандемияга чейинкидей эле 45 мүнөттөн. Балдар отура турган орундардын жетишсиздигинен улам аралыкты сактабай эле отургузулат.

“Нөөмөт алмашкан учурда класстар жугушсуздандырылып турат”,-деп айтты вице-мэр.

Ссылка: https://barometr.kg/meriya-15-sentyabrda-baardyk-okuuchular-bet-kap-menen-kelg-tijish-ekenin-eskertti



Добавить комментарий