Матраимовдордун фонду Ош шаарындагы ооруканага 10 миң экспресс-тест берди
Исмаил Матраимов атындагы фонду Ош шаарындагы ооруканага 10 миң экспресс-тест берди. Бул тууралуу Искендер Матраимов билдирди.
“29-мартта COVID-19 илдетин аныктоочу 10 000 экспресс-тест фондго келип түштү. Алар гуманитардык линия аркылуу Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына берилди. Жакынкы арада дагы 10 000 тест келиши күтүлүүдө. Жагымдуу жаӊылык, иним Райымбек Матраимов дагы 10 стационардык жасалма дем алдыруучу жабдыктарды алып келүүгө буюртма берди. Алар өлкөдөгү ооруканалардын жандандыруучу бөлүмдөрүнө берилет”, — деди Искендер Матраимов.
Ал фонддун волонтерлору аппараттарды сатып алууга 2 жума убакыт коротушканын белгиледи.
“Алдыда комплектация, инструктаж жана эксплуатация сыяктуу оӊой эмес жумуштар күтүп турат. Жакынкы күндөрү бардык аппараттарды жеткирип орнотуп беребиз деген үмүттөбүз.
Алынып келинген бардык жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигине короновирус менен күрөшүүгө бекер өткөрүлүп берилет», — деди ал.
Кыргызстанда акыркы маалымат боюнча 84 кишиден коронавирус табылган.
Ссылка: https://barometr.kg/matraimovdordun-fondu-osh-shaaryndagy-oorukanaga-10-mi-ekspress-testti-berdi
Добавить комментарий ×