Масалиев: “Элчилердин шоумен болуп, комментарий берүүсүнө тыюу салуу керек”

17 октября 2018 13:00 1310 Barometr
Поделиться в:
ok

“Элчилердин шоумен болуп, комментарий берүүсүнө тыюу салуу керек”, - деди депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин жыйында. Учурда парламентте тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин каралып жатат.

Анын талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп жатат. Депутаттар талапкерге жана өкмөт башчыга эл аралык мамилелерге байланыштуу суроолорду узатууда. Жыйында депутат Исхак Масалиев талапкер Чыңгыз Айдарбековго кайрылып, элчилерди тартипке келтирүү зарылдыгын айтты.

Биздин элчилерди тартипке келтирүү керек. Элчилердин шоумен болуп, комментарий берүүсүнө тыюу салгылачы. Алар өзүнүн ишин кылсын, дипломатиялык иштерди жүргүзсүн”, - деди Масалиев.

Ссылка: https://barometr.kg/masaliev-elchilerdin-shoumen-bolup-kommentarij-bersn-tyyuu-saluu-kerek



Добавить комментарий