Марс планетасын Илон Маск интернет менен камсыздайт
Илон Масктын SpaceX космосттук транспорттук жана коммуникациялык компаниясы Жер менен Марстын ортосунда өзүнүн жандоочторун жайгаштырат. Бул тууралуу Масктын Твиттердеги баракчасына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Социалдык тармактын колдонуучусунун “Starlink жандоочтору Жер менен Марстын ортосуна байланышты жакшыртыш үчүн жайгаштырылабы?” деген суроосуна миллиардер “Ооба” деп жооп берди.
Демек SpaceX өзүнүн Starlink спутниктерин дүйнөдөгү эң бийик ракета болгон Starship ракетасынын байланышын жакшыртыш үчүн колдонот.
Starship Марска адамзатты алып бара турган транспорттук каражат болмокчу.
Бирок Starship адамдарды ташуудан мурда аларды Айга кондурууга колдонулмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/mars-planetasyn-ilon-mask-internet-menen-kamsyzdajt
Добавить комментарий ×