Интернетке Непалда кыйраган учактын салонунан тартылган видео тарады

16 января 2023 13:49 899 Barometr
Поделиться в:
ok

Интернетте Непалда кыйраган учактын салонунан тартылган видео тарады. Жүргүнчүлөрдүн бири учакта олтурганда Faceboook аркылуу түз эфирге чыгып, трагедия болгон учурду видеого тартып алган. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт. 

35 жаштагы индиялык Сону Джайсвал аттуу жүргүнчү Faceboook аркылуу түз эфирден Непалдагы 68 адам каза болгон Yeti Airlines учагы кыйраган учурду тартып алган. 

Ал өзүн катталуучуларына терезеден көрүнүштү видеого тартып көрсөтүп жаткан. Кадрлардан учактын ылдыйлай баштаганы көрүнүп турат.    

Видеодон жүргүнчүлөрдүн маанайы жакшы экени көрүнүп турган. Бир маалда кыйкырыктар башталып, видео караңгы болуп кеткен.

Анын камерасы акыркы жолу жаркылдаган оттун жана металл конструкциянын чыгып турган сыныгын жазып алган.   

Эске салсак, Непалда жүргүнчү учагы жекшемби күнү Покхаранын аэропортторуна кулап түшкөн. Жергиликтүү Yeti Airlines авиакомпаниясына таандык учак Катмандудан Покхарага учуп келген. Авиакомпаниянын өкүлүнүн айтымында, учакта 68 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. 

Учактын бардык жүргүнчүлөрү жана экипаж мүчөлөрү каза болгон. 

Кыйраган учактын 15 жүргүнчүсү чет элдиктер болгон. Жүргүнчүлөрдүн арасында: 53 непалдык, 5 индиялык, 4 орусиялык, 2 кореялык, Ирландия, Аргентина, Австралия жана Франциядан бирден адам болгон.         

     

 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/internette-67-adamdyn-mrn-algan-nepaldagy-uchaktyn-zhrgnchs-kyrsyk-bolgon-uchurda-tz-efir-tkrp-zhatkan-video-tarady



Добавить комментарий