Марат Иманкулов: Шайлоолор улуттук коопсуздуктун башкы коркунучу

12 августа 2021 11:58 1318 Barometr
Поделиться в:
ok

Өлкөнүн ичиндеги улуттук коопсуздуктун негизги коркунучу бул шайлоолорду өткөрүү. Бул тууралуу тегерек столдо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов айтканын “Барометр” маалымдайт.

“Шайлоолорду мыйзамсыз уюштуруу бийликти басып алууга алып келет. 2005-жылы өз көмөчүнө күл тартуу болгондо бийлик алмашты. 2009-жылы дагы ошондой болду. Бакиевдер каалаганын кылууга өтүштү. 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар дагы өлкөдө башалмандыкты пайда кылды. Биз бул тууралуу эскерткенбиз бирок бийлик эске албай койду”,-деп айтты ал.

Иманкулов буга чейин туура эмес мамлекеттик түзүлүш болгонун, бийликке келген адамдар өз кызыкчылыктары үчүн иштешкенин кошумчалады. Анын айтымында ушундан улам өлкөдө айыл чарбасы, энергетика тармагы өнүкпөй жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/marat-imankulov-shajloolor-uluttuk-koopsuzduktun-bashky-korkunuchu



Добавить комментарий