Маданият министрлиги “Алтын калем” сыйлыгына конкурс жарыялады

5 ноября 2021 17:20 1578 Barometr
Поделиться в:
ok

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги республикалык “Алтын калем” сыйлыгына конкурс жарыялады. Бул тууралуу аталган ведомсвтонун басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Конкурстун максаты - искусствону, мамлекеттик тилдин байлыгын жана тереңдигин таанытуу, кыргыз тилинде жазган мыкты жазуучуларды аныктоо, алардын талантын ачуу.

Эмгектер 20-ноябрга чейин кабыл алынат. Чыгарманы окуу жана баа берүү 20-ноябрдан 10-декабрга чейин болот.

Кыргызстандын жарандары кыргыз тилинде жазган эмгектер кабыл алынат, жаш куракка чектөө коюлбайт. Ырлар, прозалар-аңгеме, поветь, роман, драматургия - спектакль, драмалар кабыл алынат. Көлөмү менен тематикасына чектөө коюлбайт.

12-декабрда жеңүүчүлөр сыйланат.

Эң мыкты ыр, эң мыкты проза, эң мыкты драмага ар бирине 100 миң сомдон сыйлык ыйгарылат.

Ссылка: https://barometr.kg/madaniyat-ministrligi-altyn-kalem-syjlygyna-konkurs-zharyyalady



Добавить комментарий