Бишкекте «Саркеч көчмөн» конкурсу өтүп жатат

24 сентября 2021 16:05 714 Barometr
Поделиться в:
ok

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда VI эл аралык дүйнө эпосторунун фестивалынын алкагында «Саркеч Көчмөн» конкурсу өтүп жатат.Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Конкурска 10дон ашык жаш дизайнерлер катышып жатат.

Конкурс  улуттук костюмдардын заманбап үлгүлөрүн тартуулоо менен таланттуу дизайнерлерди аныктоого багытталган.

Жыйынтыгы 25-сентябрда иш-чаранын расмий бөлүгүндө жарыяланат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-sarkech-kchmn-konkursu-tp-zhatat



Добавить комментарий