Лунара Мамытова депутат Аида Касымалиеванын "расмий" түрдө кечирим суроосун талап кылууда

9 октября 2018 10:45 1620 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басары Лунара Мамытова Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын "расмий" түрдө кечирим суроосун талап кылууда. Бул тууралуу Мамытова жергиликтүү маалымат булактарына билдирүү жасады.

Анын айтымында АКШга барып курс окуп келуу мамлекетке пайдалуу жумуш болбосо же барган кызматкерлер кандайдыр бир мыйзамдарды  бузушса анда мамлекет тарабынан бул долбоор эчак эле токтотулуп бизди жазага тартышмак. Аталган курска жалпысынан 62 киши барып келген. Эмне үчүн Аида Касымалиева мага өзгөчө маани берип айтып жатканын мен түшүнгөн жокмун, -дейт Лунара Мамытова.

Буга кошумча Мамытова "дипломатиялык паспортун" кызматтан сырткары колдонгон деген айыптардын да тиешеси жок экендигин белгиледи.

Ага кошо Аида Касымалиеванын "расмий" түрдө кечирим суроосун талап кылды.

Ссылка: https://barometr.kg/lunara-mamytova-deputat-aida-kasymalievanyn-rasmij-trd-kechirim-suroosun-talap-kyluuda



Добавить комментарий