Ташиев: Жапаровду "мыйзамсыз өкмөт башчы болду" деп каралаган депутаттар керт башы менен жооп берет

12 октября 2020 16:10 6606 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын айрым депутаттары 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өткөн жыйынында кворум болгон жок деп эсептеп жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. 

Бирок, “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек  Ташиев маалыматты четке кагып, мунун артында билинбеген чоң провокация жатарын айтты. Бул тууралуу Ташиевдин фейсбук баракчасына калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Элге бурмаланган, жалган, атайын провокация жыттанган маалымат таркатып жатышат. Садыр Жапаровду бекитүүдө мыйзамдын бир да тамгасы бузулган жок. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворумду камсыз кылуу, документтердин мыйзамдуу болушунун үстүндө мыйзам чыгаруу бутагынын бүтүндөй аппараты иштеген. Алар ар бир депутаттын катышып олтурганын тастыктап бүткөндөн кийин, жыйын ишин баштаган. А азыркы учурда Жогорку Кеңештин жыйынында кворум жоктугун айтып чыккан адамдардын башкы максаты өлкөнү кайрадан башаламандыкка алып келүү окшойт. Депутаттык милдетин аткарып, кетеринде жок дегенде элге бир жакшы иш кылып кеткендин ордуна минтип, тескери аракет жасаганга өттү. Стабилдүүлүк араң орноп келе жатат, эгерде аны буза турган болушса, айрым депутаттар жеке керт башы менен жооп берет! Аида Касымалиева үчүн да элдин тынчтыгы керек эмес! Болбосо, эмне үчүн парламент жыйынына келип туруп, катышпай качып кетти? Мына буга чейин ал биринчи  вице-спикер экендигин жарыялаган, андай кызмат Жогорку Кеңештин регламентинде жок.  Бүгүн болсо “спикердик кызмат мага өттү” деп жар салды. Деги бул аялдын акыл-эси ордундабы?”, -деп айтылат билдирүүдө

“Мен так кесе айтып коюшум керек, азыркы Садыр Жапаровго каршы аракеттин баарынын артында билинбеген чоң провокация жатат. Элдин тандоосу – Садыр Жапаров экендигин билип турушат. Бирок, жаңы премьерди буттан чаап жыгытуу керек буларга. Ичтери арам, өздөрүнө бул кызмат жетпей калганына куйкалары курушууда. Контрреволюцияны күтүштү эле, ал да ишке ашпай калды! Мен эскертүү катары айтайын, эгерде айрым депутаттар арам оюндарын токтотпосо, ачыгын айтканда, кыжырданып турган элдин алдында жеке керт башы менен жооп беришет”, -деди Ташиев.

Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-sydyr-zhaparovdu-myjzamysyz-premer-ministr-boldu-dep-karalagan-deputattar-kert-bashy-menen-zhoop-beret



Добавить комментарий