Лейлектеги «Кызыл-Сай» көмүр участогу аукционго коюлду

21 августа 2021 11:30 1448 Barometr
Поделиться в:
ok

Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Мамлекеттик геология жана кен пайдалануу агенттиги Сүлүктү кениндеги участокту аукционго койду. Бул тууралуу аталган ведомстводон маалымдашканын “Барометр” билдирет.

Аукционго №8 «Кызыл-Сай» күрөң көмүр участогу геологиялык чалгындоо иштери үчүн коюлду.

Лицензиянын баштапкы баасы 362 доллар.

«Кызыл-Сай» участогу Баткен областынын Лейлек районунда жайгашкан.

Аукцион 29-сентябрда Исфана шаарындагы Лейлек райондук администрациясынын имаратында болот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/lejlektegi-kyzyl-saj-kmr-uchastogu-aukciongo-koyuldu



Добавить комментарий