Көмүр тартууга барып, ашууда калган унаалар куткарылды

18 ноября 2022 11:47 673 Barometr
Поделиться в:
ok

Кар-Кече көмүр кенине барган оор жүк ташуучу унаалар кар жааганына байланыштуу ашуудан өтө албай калып калышкан. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Соң-Көл жайлоосунда кар болжол менен 40-50 см, айрым аймактардагы унаа жолдо 1 метрге чейин жеткен күрткүлөр пайда болгондуктан Молдонун-Бели ашуусунда «Кара-Кече» көмүр кенине барган оор жүк ташуучу автоунаалар көмүр жүктөп келе жатышып калып калган.

“Мындан улам 16-17-ноябрь күндөрү Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан көмүр тарткан автоунаалардын айдоочулары коопсуз жайга жеткирилген.

Ал эми бүгүн, 18-ноябрда саат 7:00дөн баштап куткаруучулар менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун 18 жол тейлөө мекемесинин 1 даана бульдозери менен Ак-Талаа районунун #15 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери Молдонун-Бели ашуусунун, Соң-Көл жайлоосунун жолдорун тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Автоунааларды ашуудан түшүрүүгө, жолду ачууга жардам кылууга бөлүмдүн 1 даана авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу чыгышты”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kmr-tartuuga-baryp-ashuuda-kalgan-unaalar-kutkaryldy



Добавить комментарий