Лейлек районунда "өзгөчө кырдаал" тартиби алынды

15 июня 2018 01:50 865 Barometr
Поделиться в:
ok

Лейлек районунда "өзгөчө кырдаал" тартиби алынды. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылдын 9-11-июнь күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун Лейлек районунун  Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент  жана Маргун айыл аймактарында сел жүрүп, турак үйлөрдү, жер тилкелерди, ички чарбалык унаа жолдорду, арыктарды, суу түтүктөрүн каптап, электр энергиясы үзгүлтүкө учурагандыгына байланыштуу, 10-июнь күнү акимдин буйругунун негизинде аймака "өзгөчө кырдаал" тартиби киргизилген.

 Селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп, абал турукташкандыгына байланыштуу, 2018-жылдын 14-июнь күнү акимдин  буйругунун негизинде "өзгөчө кырдаал" тартиби алынды. 

Учурда селдин кесепеттерин толук жоюу иштери журүп жатат. 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/lejlek-rajonunda-zgch-kyrdaal-tartibi-alyndy



Добавить комментарий