Майлуу-Суу шаарында элдерге таза суу өрт өчүрүүчү унаалар менен жеткирилип берилүүдө

19 январь 2023 14:20 875 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Майлуу-Сууда кырдал жөнгө салынып, элдер таза суу менен камсыз боло баштады. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, кырдаалды жөнгө салууга жалпы 170 адам тартылган.

“Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын шаардык, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 50 кызматкер жана 4 өрт өчүрүү унаасы, облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан  50,  шаардык ЖК кызматтарынан 68  кызматкер тартылып, тоңуп калган суу түтүкчөлөрүн ээритүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле ӨКМдин кызматкерлери өрт өчүрүү автоунаалары менен  жашоочуларды  күнүмдүк тиричиликке  колдонуучу таза суу менен камсыздашууда”, -деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, күчүнө кирген сууктан улам, 12-январда Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Тактап айтканда, таза суу сактагычында, түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.

Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып кеткенине байланыштуу жылуулук берүү системасына да суу толук келбей үзгүлтүккө учураган.  Шаарга жылуулук берүү токтоп, 13-январда шаардын Жарандык коргонуу кызматынын жыйыны өткөрүлүп, шаар аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими жарыяланган.



Ссылка: https://barometr.kg/majluu-suu-shaarynda-elderge-taza-suu-rt-chrch-unaalar-menen-zhetkirilip-berild



Добавить комментарий