Лейлекте болгон сел кой-эчкилерди агызып кетти

6 августа 2021 12:58 990 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен областынын Лейлек районунда сел жүрүп, ички чарбалык жолдор бузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, 5-августта болжол менен саат 16:00дө Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен 2700 метр ички чарбалык унаа жолдору бузулган, 1 турак-жайдын короосун, 20 участканы кум шагыл каптаган, 2 кой жана 2 эчкини суу агызып кеткен.

Миң-Жыгач айылында 2000 метр ички чарбарлык жолдор жарактан чыккан, 2200 метр каналга кум-шагыл толуп калган.

Айбийке айлында 1600 чакырым ички чарбалык жол жуулуп кеткен. Бүгүн 6-августта аймакты тазалоо иштери уланып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/lejlekte-bolgon-sel-koj-echkilerdi-agyzyp-ketti



Добавить комментарий