Латвиянын тамекисин Кыргызстан аркылуу Афганистанга жөнөтүүгө аракет кылган бажы кызматкери кармалды
Поделиться в:
Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бажы кызматкерин кармады. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ИИМдин өкүлдөрү Бажы кызматтынын ички коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте иликтөө жүргүзгөн.
Анда жалпы суммасы 253 500 доллар болгон Латвия өлкөсүнөн Кыргызстан аркылуу Афганистанга бара жаткан тамекини Бажы кызматы тарабынан уруксатсыз бажы транзитине киргизүү фактысы аныкталган.
Жыйынтыгында 9-январда Бажы кызматынын 1982- жылы туулган М.Б. аттуу кызматкери кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө.
Добавить комментарий ×