Кызды алдап, таксиге олтургузуп алып, зордуктоого аракет кылган таксистин үстүнөн дагы эки аял арыз жазды

3 декабря 2018 09:51 1720 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кызды алдап, таксиге олтургузуп алып, зордуктоого аракет кылган таксистин үстүнөн дагы эки аял арыз жазды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. 

Анда: "40 жаштагы Д.Ж аттуу аял ушул жылдын башында Бишкектин аямагынан таксист тарабынан зордуктоого аракет болгонун айтып арызданды. Анын айтымында, табылбайт деген ой менен арыз жазган эмес. Кийин бул таксист тууралуу окуя жарыкка чыккандан кийин, укук коргоо органдарына кайрылган"-деп жазылат.

Учурда жазылган арыздар каралып, тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти. 

Эске салсак, 27-ноябрда социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тараган жана ИИМ бул иш боюнча иликтеп, 1969-жылы туулган Б.Ч. аттуу жаранды камакка алган. Андан кийин кыз арыз жазгандыгы такталып, таксист зордуктоого аракет кылган деген шек менен эки айга камалган. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyzdy-aldap-taksige-olturguzup-alyp-zorduktoogo-araket-kylgan-taksistin-stnn-dagy-eki-ayal-aryz-zhazdy



Добавить комментарий