Хиджаб кийген кызды таксинин ичинде кармаган адам кармалды

28 ноября 2018 08:37 4212 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Хиджаб кийген кызды таксинин ичинде кармаган адам кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Кармалган жаран 1969-жылы туулган Б.Ч. аттуу киши экендиги аныкталды. Учурда, ал Свердлов райондук ИИБине өткөрүлүп берилди. Сурак иштери жүргүзүлүүдө. 

Эске салсак, кечээ 27-ноябрда социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тараган. Видеону социалдык тармактарга жүктөгөн колдонуучу төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.

"Кечээ кечинде менин досторум жолдон өтүп бара жатып, кыйкырган үндү угушкан. Жардам сурап кыйкырган үн Хонда Фит үлгүсүндөгү таксиден чыккан. Унаанын ичинде сыртка чыгууга аракет кылып жаткан аялдын жана аны кармап отурган эркек киши болгон. Эмне болгонун аныктоого мүмкүн болгон жок. Анткени аял качып кеткен, ал эми айдоочу унаасында жашынып алган".

Бул окуя боюнча арыз түшпөсө дагы ИИМ териштирүү иштерин баштаган. 


Ссылка: https://barometr.kg/hidzhab-kijgen-kyzdy-taksinin-ichinde-karmagan-adam-karmaldy



Добавить комментарий