Кытайдын Үрүмчү шаарынан келген 40 студент Чүй облусундагы ооруканага жайгаштырылды

13 февраля 2020 18:01 870 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 13-февралда Пекин — Алматы каттамы менен келген кыргызстандык 40 студент тийиштүү текшерүүдөн өтүп, Чүй облусундагы ооруканага жайгаштырылып, карантин мөөнөтү белгиленгенин Кыргызстанда коронавирустун киришин жана жайылышын алдын алуу боюнча түзүлгөн республикалык штабдын кезектеги жыйынында маалымдалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, студенттердин абалы жакшы, алардын коронавирустун белгилери байкалган эмес.

Жыйында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү күнү коронавирус өлкө аймагында жок экенин айтты. Андан сырткары Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин маалыматы боюнча ал жактагы кыргыз жарандарынын ичинде дартка чалдыккандар жок.

Ошону менен бирге Кыргызстандын чек арасындагы бардык көзөмөл пунктары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы маалымдалды.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdyn-rmch-shaarynan-kelgen-40-student-chj-oblusundagy-oorukanaga-zhajgashtyryldy



Добавить комментарий