Кытайдан Кыргызстандын 40 жараны алынып келди

13 февраля 2020 12:55 1051 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 13-февралда, таңда Кытайдагы казак жана кыргыз жарандары атайын учак менен алынып келди. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазды.

Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 211 киши алынып келген. Алардын 171и Казакстандын жарандары болсо, 40 киши Кыргызстандын жарандары. Казакстандыктар Алматы шаарындагы көп профилдүү клиникалык ооруканага жайгаштырылса, кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилген.

“Казак жарандары ооруканага үч күн болуп, бардык анализдерди тапшырат. Анын ичинде коронавирус менен ОРВИга карата да текшерилет”, — деп айтылат маалыматта.


Эгер Кытайдан алынып келген жарандарды оорунун белгилери байкала турган болсо алар бир нече убакытка дейре ооруканада калтырылышы ыктымал.

Азырынча келген жарандардын абалы туруктуу, даттангандар жок.

Белгилей кетсек, Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарында жайылган коронавирус акыркы  маалыматтар боюнча 1363 кишинин өмүрүн алып, 60 миңден ашык кишиге жуккан.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdagy-kazakstandyktar-uchak-menen-almaty-shaaryna-alynyp-keldi



Добавить комментарий