Кытайда коронавурис жуккан бейтаптар үчүн бир жумада миң кишиге ылайыкталган оорукана курулат - видео

25 января 2020 10:03 2203 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын Ухань шаарында коронавирус жуккан бейтаптар үчүн оорукана салына баштады. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы маалымдады.

Ага ылайык, учурда ондогон атайын техника иштеп жатат. План боюнча оорукананын курулушу 2-февралда аяктайт. Жалпы аянты 25 миң чарчы болгон имарат, миң бейтапка ылайкталган.

Аталган оорукана буга чейин Пекин шаарында курулган "Сяотаншань" ооруканасынын моделинде салынат. Ал имаратты 2003-жылы SARS эпидемиясы учурундажети күндө салынган.


Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 41 кишиге жетти. Ал вирус жуккандар миңден ашат.

Коронавирус Кытайдан тышкары Таиландда, Вьетнамда, Сингапурда, Японияда, Түштүк Кореяда, Тайванда, Францияда жана АКШда дагы табылган. Бактыга жараша бул мамлекеттерде вирустан каза болгондор жок.

Эске салсак, Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында бул вирус жуккан учур каттала электигин маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-koronavuris-zhukkan-bejtaptar-chn-bir-zhumada-mi-kishige-ylajyktalgan-oorukana-kurulat



Добавить комментарий