Министрлик: Кыргызстанда коронавирус жуккан бир дагы учур каттала элек
Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагында коронавирус жуккан бир дагы учур катталбаганын билдирди.
Аталган вирусту карап туруу үчүн министрликте атайын штаб түзүлгөн.
"Социалдык тармактарда жана мессенджер тайпаларында коронавирус жуккан адам жугуштуу оорулардын ооруканасына алынып келди деп тарап жаткан видео чындыкка жатпайт. Туура эмес маалыматтарды таратпоону суранабыз", — деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу оорулардын алдын алуу жолдорун сунуштайт:
- колду самын же сурамында спирт бар атайын каражаттар менен тез-тезден жууп туруу;
- жөтөлгөн же чүчкүргөн учурда оозду кол менен же кагаз майлык менен жабуу керек;
- сасык тумоо менен ооруп жаткан кишилерден оолак болуу керек;
- эт жана жумуртканы таза жууш керек;
- жапайы жаныбарларга жакындабоо зарыл;
- эгер дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса тезинен ооруканага кайрылуу кажет.
Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 25ке жетти. Ал эми аны жуктургандар 900гө чамалайт. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү Хубэй провинциясында (24 киши).
Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkan-bir-dagy-uchur-kattala-elek
Добавить комментарий ×