Кытайда коронавирустун дельта штаммы күч алууда
Поделиться в:
Кытайда COVID-19дун индиялык дельта штаммы таралып, бийлик бул вирус менен күрөшүп жатат. Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Агенттик берген маалыматка таянсак, 17-октябрдан 14-ноябрга чейинки аралыкта баш-аягы 1308 учур катталган.
Бул дельта штаммдын эң көп тараган учуру экенин бийлик баса белгилеп, ал 21 провинцияда тарай баштаганына кооптонууда.
Белгилей кетсек, Кытай вирустун таркалышын тургундары массалык түрдө тесттирлөө жана ооруканага жаткыруу, иш сапараларга чыгууну чектөө менен тыйып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-koronavirustun-delta-shtammy-kch-aluuda
Добавить комментарий ×