Иранда эки ирет катуу жер титирөө болуп, эл үйлөрүн таштап кетүүдө (видео)

15 ноября 2021 14:21 2466 Barometr
Поделиться в:
ok

Силкинүү күчү 6,3 жана 6,4 баллга жеткен эки жер титирөө Ирандын түштүгүндө, Бендер-Аббас портунан 60 чакырым аралыкта болду. Бир адам каза тапты, көптөгөн адамдар үйлөрүн таштап кетип жатат. Бул тууралуу Reuters булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Ирандын сейсмология борбору күндүн экинчи жарымында болгон жер силкинүү Ормуз кысыгындагы Кешим аралында катуу болгонун маалымдады.

Ирандын президенти Эбрагим Раиси биринчи вице-президент Мохаммад Моберге жер титирөө болгон Хормозган провинциясына тезинен барууну тапшырды.

Иран телевидениесинин кадрларынан Бендер-Аббастын жашоочулары паника болуп үйлөрүн таштап кетип жатканын көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, 2003-жылы Ирандын Бам шаарында болгон силкинүү күчү 6,6 баллдык жер титирөөдө 26 миң адам каза тапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/iranda-eki-iret-katuu-zher-titir-bolup-el-jlrn-tashtap-ketd-video



Добавить комментарий