Кытайда коронавирустан улам колдонулуп жаткан нак акчаларга дагы карантин киргизилди

15 февраля 2020 17:54 982 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын Улуттук банкы өлкөдө тарап жаткан коронавирустан улам колдонуудагы акчага карантипн киргизип, рынокко 600 миллиард жаңы банкнотаны чыгарды. Бул тууралуу Кытайдын басылмалары жазды.

Ал эми эски акчалар 7 күндөн 14 күнгө чейин карантинге алынып, дезинфекциядан өтөт.

Улуттук банктын өкүлү вирус жайыла баштагандан тарта элдин коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, бир катар чаралар көрүлүп жатканын айтат.

Андан тышкары оору күч болгон аймактардан чогултулган нак акчалар Улуттук банктын атайын бөлмөсүндө сакталып, тийиштүү дезинфекциялоо иштеринен кийин элге таратылбай, банкта калат.

Эске салсак, Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын аягында пневмания дартын өрчүткөн коронавирус чыккан. Ал бүгүнкү күнгө дейре 1500дөн ашык кишинин өмүрүн алып, 60 миңден ашык кишиге жукту.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-koronavirustan-ulam-koldonulup-zhatkan-nak-akchalarga-dagy-karantin-kirgizildi



Добавить комментарий