Коронавирустан 1500дөн ашык киши өлдү
Поделиться в:
Кытайда чыккан коронавирус 1526 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.
Ага ылайык, аталган вирус 67 100 кишиге жукканы расмий аныкталган. Ошол эле маалда ооруканадан айыгып чыккандардын саны 8 141 кишини түздү.
Коронавирустан каза болгондор Кытайдан башка Гонконгдо, Японияда жана Филиппиндерде катталган.
Пневмания дартын козгогон жаңы вирус Кыргызстанда катталган жок. Вирустун Кыргызстанга кирүсүүн жана жайылышын көзөмөлдөө үчүн атайын республикалык штаб түзүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-1500dn-ashyk-kishi-ld
Добавить комментарий ×