Кытай өздөрүнөн чыккан коронавируска каршы вакцинанын натыйжасыздыгын моюнга алды

12 апреля 2021 17:42 4802 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайда өндүрүрлгөн коронавируска каршы вакциналар төмөн эффективдүүлүктү көрсөтөт. Бул тууралуу 11-апрелде Кытайдын TVE телеканалы билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

"Вакцинанын эфективдүүлүгүн жогорулатуу иретинде иммундаштыруу процесси үчүн ар кандай техникалык линиялардан ар кандай вакциналарды колдонушубуз керекпи же жокпу деген суроо азыр расмий түрдө талкууланып жатат", - деп айтылат маалыматта. 

Расмий маалыматка ылайык, Sinopharm корпорациясынын вакцинасынын эфективдүүлүүгү 79,3 пайыздын тегерегинде, ал эми, Sinovac вакцинасынын эфективдүүлүгү 50 пайызды түздү. Бирок европалык жана америкалык вакциналарга салыштырмалуу кытай вакциналарынын төмөн көрсөткүчтөрү бул антителолорду жаратпайт дегенди билдирбейт.

Эскерте кетсек, буга чейин он миллиондогон Кытай жарандары эмдөө дозаларын алышкан. Пекин жайдын ортосуна чейин өлкө бир миллиарддан ашуун адамды эмдөөнү пландап жатканын жарыялаган.

Белгилей кетсек, 19-мартта Кыргызстанга кайтарымсыз негизде, гуманитардык жардам иретинде Кытайдан «SinoPfarm» аталышындагы коронавируска каршы вакцинанын 150 миң дозасы келген. 

Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-zdrnn-chykkan-koronaviruska-karshy-vakcinanyn-natyjzhasyzdygyn-moyunga-aldy



Добавить комментарий