Кытайдан келген вакцина тууралуу эмне белгилүү?
Кече, 19-мартта Кыргызстанга кайтарымсыз негизде, гуманитардык жардам иретинде Кытайдан «SinoPfarm» аталышындагы коронавируска каршы вакцинанын 150 миң дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирди.
«SinoPfarm» вакцинасы тууралуу эмне белгилүү?
«SinoPharm» - бул активсиздештирилген вакцина (Вакцинаны өндүрүүдө химиялык реагенттер менен жылуулуктун эсебинен активсиздештирилген (өлтүрүлгөн) оору жаратуучу вирустар жана бактериялар же ошого окшош микроорганизмдер колдонулат. Бул ыкма адамды оорулардан эффективдүү коргоп, далилденген технологиянын тартибинде иштейт. Сасык тумоо менен полиомиелит ооруларына каршы вакцинаны иштеп чыгууда так ушул ыкма жигердүү колдонулуп, көп өлчөмдө чыгарууга шарт түзөт).
«SinoPfarm» вакцинасы менен кайсыл өлкөлөрдүн жарандары эмделди?
«SinoPharm» вакцинасынын досьеси Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кароосуна жөнөтүлүп, өзгөчө кырдаалдын шартында колдонулчу дары-дармектердин тизмесине каттоо үчүн тиешелүү чечим март айында чыгышы күтүлүүдө. Дүйнө жүзүндө «SinoPharm» вакцинасы менен Кытай Эл Республикасынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Бахрейндин жарандарын эсептегенде 3 миллиондон ашуун адам эмделди. Ошондой эле бул вакцинаны алган жарандарда эмдөөнүн кыйыр таасири катталган эмес.
Кандай шартта сактоо зарыл?
«SinoPharm» вакцинасы +2, +8 градус температуралык шартта 3 жыл сакталат. Мындай логистика Кыргызстанда бар жана бул вакцинаны колдонууга жана сактоого жол берет. Эмдөө 25-28 күн аралыгында эки этап менен жүргүзүлөт.
КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавируска каршы алгачкы эмдөө иштерин март айынын соңунда, апрель айларында вакцинанын каттоо досьеси даяр болуп, кароодон өткөрүлүп, Иммундаштыруу боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобунун сунуштамалары берилген соң баштоону көздөөдө.
Бирок, интернет колдонуучуларынын көбү Кытайдан келген вакцинага толук ишене бербесин, айтышып, кооптонууларын жазып жатышат.
Добавить комментарий ×