Кыргызстанга алтын менен кошо баа жеткис сыймык алып келген балбан кыздар (сүрөт)

28 февраля 2021 23:20 9274 Barometr
Поделиться в:
ok

Киев шаарында болгон спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын атактуу балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеште Кыргызстандан барган кыз-келиндер боюнча курама команда ийгиликтүү кайтты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун балбан кыздары Киевден жалпысынан эки алтын, эки күмүш медаль тагынышты. 

Айсулуу Тыныбекова - алтын медаль ээси, 62 килограмм салмакта;
Мээрим Жуманазарова - алтын медаль ээси, 68 килограмм салмакта;
Айпери Медет кызы -күмүш медаль ээси, 76 килограмм салмакта;
Назира Марсбек кызы - күмүш медаль ээси, 59 килограмм салмакта жеңишке жетишип, Кыргызстанга сыймык алып келишти. 

Эске сала кетсек, Украинада өткөн эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 5 спортчу кыз катышары айтылган


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-altyn-menen-kosho-baa-zhetkis-syjmyk-alyp-kelgen-balban-kyzdar-srt



Добавить комментарий