Айсулуу Тыныбекова Украинада өтүүчү мелдеште күч сынашат

24 февраля 2021 12:41 10203 Barometr
Поделиться в:
ok

26-28-февралда Киев шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын атактуу балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш өтөт. Мелдешке Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы да катышат. Бул тууралуу Спорттук күрөш боюнча федерациясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында кыз-келиндер арасындагы мелдешке Кыргызстандын атынан 5 спортчу кыз катышат.

Кыргызстандын курама командасынын курамы:

  • 57 кг - Сезим Жуманазарова
  • 59 кг - Назира Марсбек кызы
  • 62 кг - Айсулуу Тыныбекова
  • 68 кг - Мээрим Жуманазарова
  • 76 кг - Айпери Медет кызы.

Эске сала кетсек, буга чейин, аталган эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан эркин жана грек-рим күрөшү боюнча жалпы 29 балбан жигиттер күч сынашары айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/balbandarybyzdy-koldop-turaly-ajsuluu-tynybekova-ukrainada-tch-meldeshte-kch-synashat



Добавить комментарий