Айпери Медет кызы Түркияда өткөн мелдеште алтын медаль тагынды

7 марта 2024 23:55 1752 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Түркияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Yasar Dogu&Vehbe Emre турнири 7-мартта Анталияда башталды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күч сынашып, ага жалпысынан 13 спортчу катышкан.

Ал 1/8 финалдан баштап, Япониядан келген спортчуну жеңип алды. 
Андан кийин, Медет кызы Орусиянын балбанын утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда кыргызстандык кыз Монголиянын спортчусун жеңип, финалда казакстандык спортчу Эльмира Сыздыковаганы жеңди.


Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-medet-kyzy-trkiyada-tkn-meldeshte-altyn-medal-tagyndy



Добавить комментарий