Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун орун басары мекенине кайтып келе албай жаткан 46 кыргыз жарандары менен жолугушту

18 октября 2018 16:40 1092 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун орун басары мекенине кайтып келе албай жаткан 46 кыргыз жарандары менен жолугушуп, алардын маселесин чечүү, учурдагы абал тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргызстандык 46 мигрант менен аларды жумушка кетирген "Фиеста сервис" компаниясынын өкүлү жана мейманкананын жетекчилиги дагы катышкан. 

Мейманкананын аткаруучу директору Жем Фуентес сүйлөшүүлөрдө мигранттардын айлык маянасын төлөп, айдын аягына чейин учакка билет алып берээрин убада кылган.  Ал эми мигранттардын көчөдө калды деген окуясы жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып кеткенден кийин мейманкананын ээси мигранттарды 3 маал тамак жана жатакана менен камсыз кылгандыгы белгилүү болду. 

Белгилей кетсек, Эмгек акысын ала албаган 46 Кыргыз жараны Түркиядан келе албай жатканы тууралуу видео тараган. Жабырлануучулардын бири barometr.kg сайтына абал тууралуу кабарлаган.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-stambuldagy-bashky-konsuldugunun-orun-basary-mekenine-kajtyp-kele-albaj-zhatkan-46-kyrgyz-zharandary-menen-zholugushtu



Добавить комментарий