Видео. Антальяга иштеп кеткен кыргызстандык мигранттар акчаларын ала албай көчөдө калышты

16 октября 2018 18:00 1066 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Антальяга иштеп кеткен кыргызстандык мигранттар акчаларын ала албай көчөдө калды. Бул тууралуу barometr.kg сайтына атын атагысы келбеген жабырлануучу кабарлаган. Анын айтымында, Бишкектеги туристтик компаниялардын бири менен Түркия жергесине иш иштеп кеткендердин айрымдары айлык маяналарын ала албай, ал тургай кайра Кыргызстанга кайта албай турган убактары. Көпчүлүк студенттер сентябрь айында мекенине кайтыш үчүн айлык маяналарын жана учакка билет алыш үчүн аракет кылып жатышат. Бирок, тилекке каршы жумуш берүүчүлөр аларды мейманканага дагы киргизбей же чөнтөк телефондорун албай, суроо-талаптарга дагы жооп бербей жаткандыгын айтышты. Баарынан дагы көчөдө калган мигранттардын арасында кичинекей жаш бала дагы бар. 

Ал эми Кыргызстандын Стамбулдагы элчилигине кайрылганда "Майда суроолор менен эмес, маанилүү маселелер менен кайрылгыла, силердей кыйналып жүргөн мигранттар толтура"-деп жооп берип, телефонду коюп салган. 

Уланбек аттуу жарандын айтымында 6 күндөн кийин визанын убактысы бүтүп калат. Анда баарыбызды мыйзамсыз деп өлкөдөн депорт кылып чыгарып салышат дейт. 

Ссылка: https://barometr.kg/video-antalyaga-ishtep-ketken-kyrgyzstandyk-migranttar-akchalaryn-ala-albaj-kchd-kalyshty



Добавить комментарий