Кыргызстандын соода түйүндөрүнө кум шекерди кымбат сатпоону эскертишти

20 августа 2021 15:16 1917 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өлкөнүн соода түйүндөрүнө кум шекердин баасы 1 килограммына 54 сомдун тегерегинде сатууну эскертти. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Бүгүнкү күндө кум шекердин орточо базар баасы 1 килограммына 61,9 сомдон болуп жатат.

Аталган ведомстводон кабаршкандай, Мамлекеттик агенттиктин баардык аракети кум шекер боюнча жагдайды турукташтыруу, ошондой эле өндүрүшчүлөр, жеткирүүчүлөр, сатуучулар жана керектөөчүлөрдүн ортосундагы тең салмакты сактоого байланышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-sooda-tjndrn-kum-shekerdi-kymbat-satpoonu-eskertishti



Добавить комментарий