Сагындык Маматоморов: Жакында өсүмдүк майы менен кум шекер арзандайт
Жакынкы аралыкта кум шекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандайт. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Бишкек жана Чүй областы боюнча бөлүмүнүн башчысы Сагындык Маматоморов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, августтун соңунда Кыргызстанга 40 миң тонна кум шекер кошумча нарк салыгы жок алынып келинет. Бул кум шекердин базар баасына таасирин тийигизет.
“Быйылкы жылы Россияда күнкараманын түшүмү жакшы болду, 19,3 миллион тонна жыйналды. Ошондуктан акыркы айларда Россияда өсүмдүк майынын дүң баасы төмөндөп жатат. Жакын арада бизде да арзандайт”,-деп айтты башчы.
Ссылка: https://barometr.kg/sagyndyk-mamatomorov-zhakynda-smdk-majy-menen-kum-sheker-arzandajt
Добавить комментарий ×