Жылытуу мезгилинде көмүрдүн баасы кандай болот?

16 сентября 2021 13:51 1960 Barometr
Поделиться в:
ok

Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, көмүрдүн баасы мурдагы деңгээлинде калат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кенешбай Тайлаков эфир маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

Директор бир аз мурда өкмөттө күз-кыш мезгилине даярдык көрүү талкууланганын жана көмүрдүн баасы тууралуу маселе көтөрүлгөнүн белгиледи.

“Азыркы баасы сакталып турат. Баалар ишканалардын чыгамдарына жараша дагы көз каранды болушу мүмкүн”,-деп айтты директор.

“Учурда Бишкектин базарында жергиликтүү көмүр тоннасына 4 миң сом, айрым учурда 4,3-4,5 миң сом болуп жатат.Ошто баалар тоннасына 2 миң сомдон тартып 6,5 миң сомго чейин болууда.Жалал-Абадда дагы ушундай эле баада. Баткенде 2 миң сомдон 6 миң сомго чейин сатылууда, бирок Сүлүктүнүн көмүрү тоннасына 8-8,5 миң сом”,-деп  кошумчалады Тайлаков.

Ссылка: https://barometr.kg/zhylytuu-mezgilinde-kmrdn-baasy-kandaj-bolot



Добавить комментарий