Кыргызстандын Катардагы элчиси Мансур бин Ибрахим Аль-Махмуд менен жолукту

8 январь 2020 16:39 3694 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 2020-жылдын 6-январында Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Чынгыз Эшимбеков Катар Инвестиция Башкармалыгынын (QIA) Башкы аткаруучу директору Мансур бин Ибрахим Аль-Махмуд мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү. 

Катар Инвестиция Башкармалыгы - мамлекеттик инвестициялык институт жана дүйнөлүк ири көз карандысыз байгерчилик фонддордун катарына кирет. 

Негизги инвестициялары Европа, АКШ жана Азия-Тынч океан регионунун өлкөлөрүндө жүзөгө ашырылат. Аталган жолугушууда, инвестиция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды. 

Элчи Ч.Эшимбеков Кыргызстандын инвестициялык потенциалы боюнча маалымат берип, өз ара аракеттенүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды сунуштады. 

Тараптар келечектүү жана өз ара пайдалуу долбоорлордун үстүнөн иштөө боюнча макулдашышты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-elchisi-katarda-zholugushuu-tkrd



Добавить комментарий