Чүйдө аскер унаасы оодарылып кетип 40 жаштагы ырчы каза болду
Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында "Камаз-Вахтовка" үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетип 40 жаштагы аял каза болуп, 5 адам жаракат алышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жайыл районунда 29-мартта саат 12:46 Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында "Камаз-Вахтовка" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Жол кырсыктын кесепетинен 1981-жылы туулган аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан (1997-жылы туулган эркек киши), (1997-жылы туулган, 2000-жылы туулган, 1986-жылы туулган, бир аялдын туулган жылы такталууда, 4 аял киши).
Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында турган КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары жана тез жардам кызматы тартылган. Жабыркаган жарандар ооруканага кайрылышкан. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып беришкен.
"Барометр" сайтынын маалыматы боюнча, унаада ырчы Нурчолпон болгон, ал да жаракат алган.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-kamaz-vahtovka-lgsndg-unaa-oodarylyp-ketip-40-zhashtagy-ayal-kaza-boldu
Добавить комментарий ×