Кыргызстандын Катардагы элчиси Эмир Шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге жолукту

29 октябрь 2019 14:22 2703 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге өзүнүн Ишеним грамоталарын тапшырды.

Катардын Эмири Чынгыз Эшимбековду Элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелер жакшы динамикада өнүгүп жатканын канааттандыруу менен баалап, Катардын Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүүгө чын жүрөктөн кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз тарабынан Элчи Чынгыз Эшимбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Эмир мырзага даректелген жылуу саламын жолдоду жана кыргыз-катар мамилелерин андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн баардык күчтөрүн жумшоого даяр экендигин билдирди Ошондой эле жолугушуунун алкагында өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.


Ссылка: https://barometr.kg/katarda-elchi-cheshimbekov-katar-mamleketinin-emirishejhtamim-bin-hamad-al-tanige-zholuktu



Добавить комментарий