Кыргызстандын аймагындагы 2 428 шайлоо участогу ачылып, добуш берүү жүрүп жатат

10 января 2021 09:34 636 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 10-январь күнү, саат 8:00дө Кыргызстандын аймагындагы 2428 шайлоо участогунун баары ачылып, добуш берүү башталды.

Ошону менен катары эле, Кыргызстандын сырткары 28 өлкөдө 48 шайлоо участоктору ачылып, иштеп жатат. Бул участоктордо шайлоо Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3:00 башталды. Эң алгачкы шайлоо участогу Орусиянын Түштүк Сахалин аймагында, андан тышкары Кытай, Яапония, Малайзия жана башка таң эрте аткан өлкөлөрдө добуш берүү жүрүп жатат.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ болгон. БШК ошол эле учурда биометриканын жоктугунан жана №2 форма жоюлгандыктан, 750 миңден ашык адам шайлоого катышпай каларын эскертишкен.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. Президенттик жарышка 17 талапкер катышууда.

Шайлоо бүгүн эртең мененки 8:00дон кечки 20:00го чейинки убакыт аралыгында өтөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-ajmagyndagy-2428-shajloo-uchastogunu-achylyp-dobush-ber-zhrp-zhatat



Добавить комментарий