Кыргызстандык спорттук кабарчы Тахир Гафуров Казакстанда конкурска катышат
Кыргызстандык спорттук кабарчы, НБТ телеканалынын “Спорт-МИХ” берүүсүнүн алып баруучусу Тахир Гафуров Казакстандын футбол боюнча Премьер-лигасынын кезектеги турундагы болжол (прогноз) айтуучулардын конкурсуна катышат. Бул тууралуу ал өзү Barometr.kg сайтына билдирди.
Тахир Гафуров Казакстандын Sports.kz интернет-порталынын чакыруусу менен катышууда.
Аталган интернет-портал чемпионаттын ар бир турунда прогноз берген журналисттердин арасында конкурс уюштурат. Бул ирет кезек мекендешибиз айткан болжолдор ортого салынат.
Тахир Гафуров чемпионаттын 13-турунда “«Ордабасы» — «Окжетпес» командаларынын ортосундагы беттеш эң кызыктуу болуп, ал 1:1 тең чыгуу менен аяктайт”,- деп болжол айткан.
Эске сала кетсек, Казакстандын футбол боюнча Премьер-лигасынын кезектеги 13-туру бүгүн, 31-майда болот. Анда «Кайсар» — «Иртыш», «Атырау» — «Тараз», «Тобол» — «Шахтер», «Кайрат» — «Актобе», «Ордабасы» — «Окжетпес», «Астана» — «Жетысу» беттештери өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-sporttuk-kabarchy-tahir-gafurov-kazakstanda-konkurska-katyshat
Добавить комментарий ×