Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда өтө турган эл аралык чемпионатка катышат

27 апреля 2023 15:47 925 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда өтө турган Эл аралык чемпионатка катышат. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Маалым болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улуттук курама командасы Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган XVIII эл аралык чемпионатка катышат.

“Курама команданын спортчулары аталган иш-чарага кызуу даярдык көрүп, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда машыгышууда.

Өрт куткаруу командасынын мүчөлөрү борбордун мейманканасына жайгашып, алардын окутуу-машыгууларынын планы бекитилди.

Мындан сырткары Москва районунун Беловодское айылындагы «Урожай» спорт комплексине машыгуучу «Бум», «Үйчө», «Тосмо» орнотулуп жана башка  спорттук шаймандар менен камсыздалды. Ошондой эле Бишкек шаарындагы «Динамо» стадионунда да машыгуулар өткөрүлмөкчү”, -деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак,  КР ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрдөн турган командасы 2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн “Өрт-куткаруу спорту” боюнча XVII эл аралык чемпионатка катышышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-kutkaruuchular-trkiyada-t-turgan-el-aralyk-chempionatka-katyshat



Добавить комментарий