«Кыргызстанды бириктирүүчү партиоттук партиясынын» лидери Айбек Алыбаевдин кайрылуусу

23 ноября 2021 11:16 Barometr
Поделиться в:
ok

«Кыргызстанды бириктирүүчүү партиоттук партиясынын» лидери Айбек Алыбаевдин кайрылуусу.

Урматтуу кыргызстандыктар!  Урматтуу шайлоочулар!

Менин атым Алыбаев Айбек. Мен 53 жаштамын. Мен Токтогулдан болом, үй-бүлөлүүмүн, алты балам бар. Жумушка байланыштуу чет өлкөлөргө чыгып калам. Ал жактан менин кайдан, кайсы өлкөдөн экениме кызыгуулары жаралганда, мен сыймыктануу менен жооп берем: Кыргызстандан - эң кооз өлкөдөн... Бирок биз сыртыбыздан гана сулуубуз – тоолор менен чокулардын бийиктиги менен.  Көлдөр жана тунук дарыялар менен... Ичибизденчи?  Биз кандайбыз? Көз карандысыз өлкө, коом, мамлекет катары 30 жылда эмнелерге жетиштик? Эмне үчүн биз дайыма өнүгүү жөнүндө айтабыз, бирок ... өнүкпөйбүз? Өлкөбүз белчесинен сазга батып кетти, акыр аягы туңгуюкка түшчүдөй коркунучу бар коорупцияга малынып баратат. Бирок азыр үмүттүн жарыктары кайра жанды.  Биз – сиз, мен, баарыбыз, карапайым кыргызстандыктар олуттуу “Стагнацияга жок!”, “Күчтүү парламентке - ооба!” деп айта алабыз деген күчтүү сезим пайда болду. 2021-жылдын 28-ноябрында баарыбыз тандоо жасап, Жогорку Кеңештин жаңы курамын түзүшүбүз керек. Ал эми парламенттин бул курамы кандай болот, өлкө кайсы жол менен алдыга карай жылат - бул түздөн-түз ар бирибизден көз каранды. Биз баарыбыз өз өлкөбүздө жашап, иштеп, балдарыбызды өз туулуп өскөн жерибизде тарбиялагыбыз келет. Биз, Кыргызстаныбыздын акыры өнүгө башташын, анда тартип, бакубатчылык өкүм сүрүшүн жана биз, кыргызстандыктар, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосок да, сыймыктануу менен: “Мен кыргызмын!” деп айта алышыбызды чындап каалайбыз. Ал эми мыкты, билимдүү, адептүү жарандарыбыздын өлкөдөн сыртка чыгып кетүүлөрү токтойт. 30 жыл ичинде биз төрт толкундоону баштан кечирдик, бирок ошого карабастан улам сайын бутубузда бекем турабыз. Эмне үчүн мындай болуп келе жатат?

Анткени бул өлкөнү өнүктүрүү үчүн жакшы максаттар менен келген командалар аларды капысынан кескин түрдө өзгөртүп жатышты.  Тилекке каршы, өлкөнүн жана анын жарандарынын кызыкчылыгында эмес...

Жыйынтыгында эмнени көрүп жатабыз?

Кризистер – экономикалык, башкаруудагы, социалдык, саясий, ахлактык – бизге зыян алып  келип жатышат. Ал эми биз, бүгүн буларды толук түшүнбөй, туура тандоо жасабасак, анда кийинки жылдары дагы ушул эле абалда кала беребиз, эч кандай алдыга карай жылыш болбойт.Сын-пикир айтуу оңой, бирок биз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн биригүүсүн каалайбыз. А эгер сын-пикир айта турган болсок, конструктивдүү түрдө гана. Биз адамдардын өз өлкөсүнө жылуу мамиле жасап, сүйүп башташын каалайбыз. Анын кайгысын, көз жашын, кубанычтуу көз ирмемдерин сезишин. Мекенибиздин Биримдиги жана тагдыры үчүн күрөшүүгө. Жер планетасынын эң сулуусуна! Биздин күчүбүз Биригүүдө, ошондуктан партиябызды “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия” деп атадык. Анын башкы тезиси – өлкө командасын түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүдө гана чыгуу жолу. Өлкөнүн биримдиги үчүн прогрессивдүү күчтөрдүн биригүүсү, тавтология үчүн кечирим сурайм. Кыргызстан ар улуттуу өлкө.  Биз улутубузга, динибизге, партиябызга, кайсы бир урууга таандык болгонубузга карабастан, баарыбыз кыргызстандыкпыз. Бул биздин күчүбүз.  Ар бир мамлекеттин күчү мына ушунда. Ошондуктан, бул күчтү Мекендин жыргалчылыгы үчүн пайдалануу керек. Биз партиянын тегерегине биригип, кырдаалды кылдат талдап чыгып, негизги маселе жана көйгөй — бул «атомизация», бөлүнүү деген тыянакка келдик. Бизди кичинекей эркин атомдорго бөлүү кимдир бирөө үчүн пайдалуу болушу мүмкүн («бөл жана башкар» принциби боюнча), бирок бир «бирок» бар. Мунун бизге да, сизге да, бүтүндөй Кыргызстан элине да кереги жок.  Ошондуктан биз башка жолдорду издей баштадык.

Жарандардын, коомдун ынтымагын, биримдигин, мамлекеттик институттардын жоопкерчилигин күчөтүүнү камсыз кыла ала турган механизмдерди жана жолдорду издедик. Жыйынтыгынды биз аларды таптык.  Алар биздин Программада чагылдырылган. Бирок азыр аларды сыноодон өткөрүп, ишке ашырып, ар бир кадамын талдап, толуктоолорду киргизип, жашообуздун бардык чөйрөсүн өркүндөтүшүбүз керек.

Ал үчүн “эскилер” кетип, “жаңыларга” орун бошотуп, бийликке жаңыча ой жүгүрткөн, ар дайым жаңы идеялары толуп турган, өз максаттары үчүн күрөшө турган күчү жана каалоосу бар адамдар пайда болушу керек, жарандардын көйгөйлөрүн чечип, жаңы нерсе жаратып, эң башкысы Кыргызстандын тез өнүгүүсүнө ишенген, айланада болуп жаткан окуяларга көңүл кош мамиле жасабаган, уурулук жана коррупцияга аралашпаган адамдар. Жана ошондой адамдар бар!  Аларды колдоп, добуш берүү гана калды.  Кыргызстанды Бириктирүүчү партиясы үчүн! Добуш берүүдө ар дайым улуттун бөлүнүүсүнүн эмес, биригүүсүнүн символун издеш керек. Кыргызстанда эмнегедир акыркы жылдарда бөлүп-жаруу адамдарын жана күчтөрүн тандоо «таңуулоо», «мажбурлоо» жолу аркылуу келе жатат. Эмнегедир өз чөнтөгүн гана толтурганды жактыргандар, элди “түштүктүк”, “түндүктүк” деп экиге бөлгөндөр, бийликте өмүр бою калууну гана көздөгөндөр бийликке барып калышат?

Ал эми жөнөкөй эл эмне болот?

Анын тагдыры жөнүндө ким ойлойт?  Дүйнө картасында болууга укугу бар бир өлкө жөнүндө?

Бул бөлүп-жаруу менен алектенген адамдар өздөрүн элита деп атаганы өтө аянычтуу.

Элита деп аталган бул адамдардын максаты – бийликти бир жерде топтоо жана колдо сактап калуу, ресурстарды бөлүштүрүү жана өз кызыкчылыктары үчүн коомчулуктун назарын көзөмөлдөө үчүн чексиз күрөш.

Карагылачы, кайра эле бул шайлоолорго канча деген акча жана адам ресурстарынын колдонулуп жаткандыгын!

Бул “кийлигишпөө” деп аталабы?

Биздин азыркы “элиталардын” көз карашынын горизонту – бул аман калуу доору: “эптеп жашоо”, “эптеп узартуу”, “жашообузга тоскоол болгон нерселердин баарын эптеп жокко чыгаруу”.

Азыркы “элиталардын” коом алдында, анын үстүнө тарых алдында, б.а. ата-бабалардын жана урпактардын алдында ээлеген ордунда калып, байып кетүүдөн башка эч кандай жоопкерчилиги жок.

Келечеги да жок сыяктуу.  Кеп инсандар жөнүндө да эмес.

Мезгилдин кыйынчылыктары деги эле окшош, эскирген, бир жактуу типтеги элитаны сөзсүз түрдө сахнадан алып таштайт.  Алар коомду, мамлекетти, өлкөнү сактап калуу функциясын аткарбайт жана аткара да албайт, анткени алар же аны менен кошо жок болот, же азаптуу социалдык катаклизмдердин натыйжасында кайра жаралат.

Бул табигый нерсе.

Бактыга жараша, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жаңы күчтөр – терең маданияттуу, мекенчил, көрүп жана талдай билген, көптөгөн жакшы китептерди окуп, сапаттуу билим алган, жан дүйнөсү жаш, күч-кубатка толгондор  акырындап сахнага көтөрүлүүдө.

Ал эми биз, биздин партия, алардын арасында биринчи катардабыз.

Биз энергияга толуп, Кыргызстанды этап-этабы менен өзгөртүү боюнча тарыхый мүмкүнчүлүктөн пайдалангыбыз келет.  Муну биз чогуу гана жасай алабыз.  Биз саясатка бекем максатыбыз менен бара жатабыз – кыялыбыздагы Кыргызстанды куруу.

Биз бул жоопкерчиликти алганга даярбыз – Кыргызстанды прогресстин, өнүгүүнүн жана коопсуздуктун жолунда астыга карай алып кетүү.

Элибиздин, жаш атуулдардын командасына жана колдоосуна таянып, мекенибизди күчтүү жана кубаттуу кылаарыбызга ишенебиз.

Биз, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия” сиздерге, Кыргызстандын бардык кайдыгер эмес жарандарына кайрылабыз: силер менен бизде кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Келгиле, багынбайлы, жаңы, жарык, мекенчил кыргызстандыктарды алдыга сүрөп, колдоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайлы – дивиденд жана өз чөнтөгүбүз үчүн эмес, өзгөрүү үчүн, Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн...

Урматым менен, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясынын” лидери

Айбек Алыбаев". 

Даярдаган: Barometr.kg. 1 нуска, 23.11.2021-жыл, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясы” саясий партиясынын тапшырыгы боюнча.

“Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алыбаев У. Т. тарабынан төлөндү.  

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandy-biriktirch-partiottuk-partiyasynyn-lideri-ajbek-alybaevdin-kajryluusu



Добавить комментарий