Кыргызстандагы Монголиянын элчиси болуп Ганхуяг Содном дайындалды
Поделиться в:
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 28-октябрда Кыргызстандагы Монголиянын элчиси Ганхуяг Содномдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.Бул тууралуу аталган ведомстводон алынган маалыматка таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Элчи Ганхуяг Содном Кыргызстандагы Монголиянын элчиси болуп дайындалды. Буга чейин аталган өлкөнүн Кыргызстанда элчиси болгон эмес.
Жолугушууда жакында Монголияга Кыргызстандын элчилигин ачуу тууралуу талкууланды.
Ошондой эле жогорку деңгээлде эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу сунушталды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-mongoliyanyn-elchisi-bolup-ganhuyag-sodnom-dajyndaldy
Добавить комментарий ×