Кыргызстандагы мектептерде 4-чейрек башталды

8 апреля 2020 14:40 1883 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандагы бардык мектептерде 8-апрелден тарта 4-чейрек башталды. Ал толугу менен дистанттык түрдө болот. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.

“КР Билим берүү жана илим министрлиги ѳлкѳдѳгү убактылуу кырдаалды эске алып, 2019-2020- окуу жылынын IV чейрегин дистанттык форматта жүргүзүү чечимим чыгарып, бүгүн 8-апрелде республикабыздын бардык региондорунда окуу башталды”, - деди ал.

Министрдин орун басары ошондой эле, ТВлар жана интернет ресурстары аркылуу алдын ала даярдалган сабактар көрсөтүлө турганын кошумчалады.

Эске салсак, 4-чейректи дистанттык түрдө улантуу чечими өлкөдөгү коронавируска байланышкан кырдаалдан улам кабыл алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-mektepterde-4-chejrek-bashtaldy



Добавить комментарий