Кыргызстанда ЖРТ менен университетке тапшыруунун мөөнөтү жылышы ыктымал

19 марта 2020 16:30 1021 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Ирина Карамушкина айрым жарандар коронавирустан улам мектептеги окуулар жылып жаткандыктан жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) менен жогорку окуу жайларга тапшыруу мөөнөтү дагы узарабы деп сурап жатканын айтты.

Бүгүн, 19-мартта, парламентте өкмөт коронавирус менен күрөшүү боюнча жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде премьер-министр Алтынай Өмүрбекова азырынча бардын иштер коронавирус боюнча абалдын өнүгүшүнө жараша болорун билдирди.

“Март, апрель айларына белгиленген бир катар иш-чаралар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кийинкиге жылдырылды. Ал эми бүтүрүү кечеси, университетке тапшыруу сыяктуу иштер коронавирус боюнча абалга жараша болот”, — деди ал.

Эске салсак, Кыргызстанда учурда коронавирус жуккан үч учур катталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhrt-menen-universitetke-tapshyruunun-mnt-zhylyshy-yktymal



Добавить комментарий