Кыргызстанда курулуш тармагы банкротко учурашы мүмкүн

12 октября 2021 14:25 1706 Barometr
Поделиться в:
ok

Салык кодексиндеги өзгөрүүлөр курулуш тармагына жаңы каржылык кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде  ЖИА ишкерлер ассоциациясынын өкүлү Чолпонбек Акматов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Бизнес азырынча салык ченемдерин жогорулатпоону суранды.

“Сатыктан түшкөн салыкты жогорулатуу сунушталып жатат. Азыр накталай эсептешүүдө ченем жок болсо, өзгөрүүдөн кийин 2 пайыз, накталай эмес эсептешүүдө 6 пайыз болот. Учурда орточо алганда бир чарчы метр 600 доллардан бааланса, 30 пайызы салык төккөнгө кетет. Пандемия учурурунда курулуш материалдарына катара баа кымбаттады.Мисалы, арматура 140 пайызга, кирпич 80 пайызга жогорулады. Ошондуктан министрлер кабинетинен кризис маалында Салык кодексине өзгөртүү киргизбөөнүн суранабыз. Биз бир объектиге суу киргизиш үчүн эле 30-40 миллион бөлүп беребиз. Азыр ал тургай жумушчу табыш кыйын, баары Россияга кетип жатат. Мындай көрүнүш менен курулуш компаниялары биринин артынан бири банкрот болушу мүмкүн”,-деп айтты Чолпонбек Акматов.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kurulush-tarmagy-bankrotko-uchurashy-mmkn-ekeni-ajtyldy



Добавить комментарий