Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат

26 июня 2023 11:18 709 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Орунбековдун айтымында, президент Садыр Жапаров кыялданып жүргөндөрүн орундатып, берген убадаларын аткарып жатат.

“Мен бир нерсени айткым келди. Мамлекетибиздин эгемендик алган жылдар аралыгындагы ар кандай саясий окуялар, шайлоолор, саясатчылардын жана бийликке келген команданын ишке ашпаган убадалары - элдин ишенимин такыр эле өчүрүп салыптыр. Кандай гана иш башталбасын “кантип эле”,-деп күмөн санап турушат. Мына ошол шек саноолор – жыйынтыктуу иштердин натыйжасы менен ишенимге алмашат деп ишенем”, деп жазды Орунбеков.

“Буюрса, 30-июнда Ысык-Көл облусунда экологиялык “Асман” шаарынын курулушуна старт берилет. Бул долбоор жарыяланганда сөзүмдүн башында айткандай, эч ким ишенген эмес. Ал тургай шакаба, күлкү кылып дагы айтып, жазып жатышты. Ири долбоордун курулушуна Президентибиз капсула салат, андан ары жумуш башталат.

Салыштырып айтып кетким келет. Бүткүл дүйнө эли кызыккан, туристтер агылып барган Дубай шаары чөлгө, эч кандай шарты жок жерге, инвесторлордун жардамы менен курулган.

Ал эми биздин Асман шаары – төрт мезгили бар, ажайып кооз, ак мөңгүлү тоолордун курчоосундагы Ысык-Көлдүн жээгине түшөт. Президент Садыр Жапаров баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат. Убакыт учкан куш. Бүт дүйнөнүн эли агылып келе турган Борбор Азияда шаар пайда болот, ал – Асман!”, -деп белгиледи ал. 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kldg-asman-shaarynyn-kurulushuna-30-iyunda-kapsula-salynat



Добавить комментарий